Индияда мейманканадан чыккан өрттөн Кыргызстандын үч жараны каза болду
Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде чыккан өрттүн кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 3-июнь күнү Нью-Делинин Мальвия Нагар районунда жайгашкан «Florist Inn» мейманканасында болгон. Жалпы 21 адамдын өмүрү кыйылып, алардын арасында Кыргызстандын жарандары — Х.Н. (1976-ж.т.), Т.Х. (2003-ж.т.) жана К.М. (1950-ж.т.) бар.
Индия тараптын расмий маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көпчүлүгү дарылануу максатында Нью-Делиге келген.
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жергиликтүү бийлик органдары жана каза болгондордун жакындары менен тыгыз байланышта иш алып барып, зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп жатат.
Учурда каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү жана тиешелүү документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.