Индияда суткасына 2 миңден ашуун өлүм катталууда

28-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 18

Индияда соңку жети күндөн бери коронавирус пандемиясы кеңири кулач жайып, аны жугузуп алгандар менен илдеттен каза болгондордун саны эл аралык коомчулуктун үшүн алууда.
Коронавирусту жугузуп алгандардын саны расмий статистика боюнча күн сайын 300 миңдин айланасында катталып, суткасына 2 миңден ашуун өлүм чыгып жатканы белгиленди.
Индиядагы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну мутацияланган түрүндө каптады.
Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы бул толкунга туруштук бере албай Дели эл аралык коомчулуктан жардам сурады. АКШ, Евробиримдик баш болгон өнүккөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар илдеттин жайылуусун басаңдатуу үчүн Индияга жардам көрсөтүү чараларын көрүп жатышат.

28-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X