Индиядан жаныбарларды импорттоого убактылуу тыюу салынды
Үстүбүздөгү жылдын 28-январынан тартып Индиядагы Нипах вирусуна байланыштуу аталган өлкөдөн жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы маалымдады.
Аталган чаралар өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Нипах вирусу кооптуу инфекция болуп саналат жана жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Андыктан жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып албоо жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогун текшерүү сунушталат.