Индонезиянын президенти жоголгон суу алдындагы кемени чөгүп кетти деп жарыялады

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 14

Индонезиянын президенти Джоко Видодо жоголгон суу алдында жүрүүчү KRI Nanggala-402 кемени Бали деңизине чөгүп кетти деп жарыялады жана экипаждын үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтты.

Кеменин бортунда 53 адам болгон.Индонезиялык KRI Nanggala-402 кемеси 21-апрелде аскердик машыгуулар маалында байланышка чыкпай калган.

Ишемби, 24-апрелде Индонезиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн штабынын начальниги кеме 850 метр тереңдикте табылгандыгын кабарлады. Кеме үч бөлүккө бөлүнүп кыйроого учураган.

1981-жылы Германияда жасалган кеме 500 метр тереңдикке чейин гана суу алдына түшүүгө эсептелген деп билдирди Рейтер агенттиги.

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X