Инфаркт болгон 87 жаштагы бейтапка министр өзү стент койду

15-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 116

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборундагы оңдоо иштерин текшерип жаткан учурда 87 жаштагы бейтапка тез арада медициналык жардам көрсөтүүгө катышты.Возможно, это изображение больница и текст "Операцио"

Курч миокард инфаркты менен ооруканага өтө оор абалда жеткирилген бейтапка коронардык артерияга стент коюу зарыл болгон. Министр дарылоо процессин ыкчам уюштуруп, стент коюу операциясын өзү жүргүздү.

Медициналык жардам «КМИ 24/7» программасынын алкагында бейтапка акысыз көрсөтүлдү. Операциядан кийин бейтаптын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X