Инха университетинде отузга жакын кыргызстандык студенттер билим алышат

7-июнда, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Инха университетинин Корея билим берүү борборунун директору Ким Чжун Хо баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Кореянын бул университетте учурда Кыргызстандан 30га жакын студент билим алышат. Ушул жылдын сентябр айында дагы 15 кишинин келиши пландалууда. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инха университетинде кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү, анын ичинде инженерия жана IT багытына студенттерди кабыл алуу тууралуу сөз болду.  Ошондой эле Инха Университети кызматташтык жөнүндө Меморандумдарга кол койулган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы жана Салымбеков университети менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерине токтолушту.

Маалымат үчүн: Инха университетине жыл сайын 15-30дан Кыргызстандын жарандары келип окушат. Эгерде сиз окууга кызыкдар болсоңуз, анда төмөнкү байланыш номерлерине жана электрондук даректерине кайрылыңыз sadyrov1588@naver.com, interservice@inha.ac.kr, +82328607037.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X