Instagram аркылуу каннабис продукциясын сатууга шектелген топ кармалды
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Жайыл РИИБ менен биргеликте Instagram аркылуу каннабис компоненттери бар продукцияны жарнамалап, сатууга шектелген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Маалыматка ылайык, Суусамырдын Туура-Суу айылындагы фестивалда курамында каннабис бар продукция сатылары тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Алынган үлгүлөр соттук-химиялык экспертизадан өткөрүлүп, эки таңгактан марихуана табылган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкекте үч жаран кармалды. Алардын үйлөрүн тинтүүдө каннабис майы, 4 грамм марихуана жана 1 кг 860 грамм каннабис уруктары табылган.
Мындан тышкары, «М» дүкөнүн тинтүү учурунда курамында каннабис бар чай, ун, май, спрей жана витамин капсулалары алынган
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.