Инстаграм иштебей калды
Россияда Инстаграм иштебей калды. Бул тууралуу киберкоопсуздукту жана интернетти башкарууну көзөмөлдөгөн Netblocks уюму билдирди.
Маалыматка караганда, Инстаграм азыр Россияда бир нече провайдерлер менен чектелгенин көрсөтүп турат.
Эске салсак, Россия Инстаграмга бөгөт коюу чечимин кабыл алган. Роскомнадзор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Инстаграмды жабууну чечкени тууралуу маалымат тараган.