Интернеттеги укук бузууларга каршы күрөш. Жаңы макулдашуу жактырылды
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды бузууга каршы күрөшүү боюнча макулдашылган ыкмалар жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу тескемесинин долбоору каралып, жактырылды.
Бул маселе боюнча илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Гүлнур Мамырова маалымат берип, аталган Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында автордук жана чектеш укуктардын объекттерине карата колдонуларын белгиледи. Ошондой эле мүчө мамлекеттер интеллектуалдык менчиктин башка объекттерин коргоого байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салууда да документтин жоболорун колдонууга мүмкүнчүлүк алаары айтылды.
Талкуу учурунда депутаттар Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Торобекова интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү, ошондой эле укук ээсинин укугу бузулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сотунун чечиминин негизинде интернет-ресурстарга жеткиликтүүлүктү чектөө же убактылуу токтотуу механизмдерине байланышкан маселелерди көтөрүштү.
Ал эми депутат Салтанат Аманова тарыхый-маданий мурастын уникалдуу эстеликтери болгон петроглифтерди сактоо жана коргоо, композиторлордун автордук укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле музыкалык чыгармаларды мыйзамдуу пайдалануу жана сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерине токтолду.
Өз кезегинде депутат Болот Сагынаев жасалма интеллект технологияларынын кеңири жайылышына көңүл буруп, билим берүү системасында заманбап санариптик технологияларды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында комитет аталган тескеменин долбоорун жактырды.