Интернеттин арзандыгы боюнча Өзбекстан дүйнөдө 21-орунда
Интернеттин арзандыгы боюнча Өзбекстан дүйнөдөгү 230 мамлекеттин арасынан 21-орунду ээледи. Бул тууралуу британиялык Cable.co.uk порталынын дүйнөдөгү интернет кызматтардын баалары жөнүндөгү маалыматында айтылат. Өзбекстанда 1 Гб мобилдүү интернеттин баасы учурда $0,6 турат деп билдирди кошуна өлкөнүн Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлиги.Өткөн жылы интенеттин арзандыгы боюнча Өзбекстан 54-орунда турган.