Интерполдун издөөсүндөгү үч чет элдик жаран Кыргызстанда кармалды

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Интерполдун издөөсүндө жүргөн үч чет өлкөлүк жаран Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1971-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.С.В. Бишкек шаарында кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча эл аралык издөөгө алынган. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 183 миллион 600 миң казак теңгесин түзөт.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран К.Д.М. кармалды. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча издөөгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын Кыргызстандын жаранынын башка ысымына таризделген паспортту колдонуп жүргөнү аныкталган. Аталган документти алуу мыйзамдуулугу тиешелүү органдар тарабынан текшерилип жатат.

Ошондой эле Бишкек шаарында 1986-жылы туулган чет өлкөлүк жаран О.Ч. кармалды. Ал Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

ИИМ билдиргендей, ыкчам иш-чаралар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлгөн.

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X