Инвестицияга жол ачкан мезгил кутусу
Ысык-Көл районунда «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу аземге Адылбек Касымалиев катышып, долбоор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жаңы дем берерин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин төрагасы өз сөзүндө «Тамчы» долбоору Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртып, эл аралык капиталды тартуучу ири борборго айланарын баса белгиледи. Анын айтымында, бул аймак глобалдык финансы, финтех жана IT-инновациялар топтолгон, ошондой эле эл аралык соода менен жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болот.
Долбоордун алкагында 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлору, турак жай комплекстери жана туристтик объектилер этап-этабы менен курулат. Аймак ишкердик, логистикалык жана рекреациялык зоналарга бөлүнүп, инфраструктурасы комплекстүү өнүктүрүлөт. 100 гектардан ашык аянтта жылына 90 миңге чейин турист кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү күтүлүүдө.
Инвесторлор үчүн өзгөчө шарттар каралган. Тактап айтканда, резиденттер 49 жылга чейин салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат. Мындан тышкары, англис укугунун принциптерине негизделген, талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт.
Өкмөт башчысы белгилегендей, «Тамчы» долбоору өлкөнүн макроэкономикалык өсүшүнүн жогорку көрсөткүчтөрү менен шайкеш ишке кирүүдө. 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 11,1 пайызды түзүп, акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2 пайызга жеткен.
«Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык. Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайбыз. “Тамчы” бул өнүгүүгө жаңы импульс берет», -деди Адылбек Касымалиев.
«Тамчы» АФИАсынын ишке ашырылышы жаңы жумуш орундарын түзүп, заманбап технологияларды тартууга жана өлкөнүн экономикалык дараметин арттырууга өбөлгө болору белгиленди.