Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кытайлык компаниялар менен сүйлөшүү жүргүздү
Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода платформасы болгон Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анын ичинде инвестициялык долбоорлорду жана «Асман шаар» долбоорун Кытай Эл Республикасында презентациялоо боюнча сунуштар каралды.
Ошондой эле Кытайдан потенциалдуу инвесторлорду тартуу жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана инвестиция тартуу багытында өз ара макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга ниеттерин билдиришти.