Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес-коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүүдө

13-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 301

Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жарлыгын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылууга, аткаруу тартибин чыңдоого, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен туруктуу негизде жолугушууларды өткөрүп турат. Аталган жолугушуулар мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде уюштурулуп, аймактардагы инвестициялык демилгелерди талкуулоого, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган.

Өз ыйгарым укуктарынын алкагында Улуттук агенттик жарандардын сунуштарын, арыздарын жана кайрылууларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карап чыгып, тиешелүү чараларды көрөт. Электрондук кайрылуулар дагы белгиленген тартипте кабыл алынып жана каралат.

Жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруу максатында Улуттук агенттикте жетекчилик тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген, ошондой эле 300367 «ишеним телефону» иштейт. Мындан тышкары, калк менен өз ара байланышты чыңдоо максатында Коомдук кабылдама туруктуу негизде иш алып барат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X