Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке 4 жылда 63 даттануу келип түшкөн

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

2022-жылдын 28-январынан 2026-жылдын январына чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке 63 инвестордон даттануу келип түшкөн. Анын 61и каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Маалыматка ылайык, 2022–2024-жылдары 35 кайрылуу, 2025-жылдын 12 айында 24 кайрылуу жана өткөн жылдан калган 2 иш каралган. Инвесторлор негизинен салык органдарынын кошумча эсептөөлөрүнө, жер тилкесин берүүдөн же ижара мөөнөтүн узартуудан баш тартууга, ошондой эле укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнө байланыштуу даттанган.

Аталган улуттук агенттик инвесторлорго укуктук кеңеш берип, мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүп келет. Мындан тышкары, инвестициялык келишимдерге экспертиза жүргүзүлүп, алардын мыйзамга шайкештиги жана тараптардын кызыкчылыктарынын корголушу камсыздалууда.

2025-жылдын 12-майында агенттик Башкы прокуратуранын «Инвесторлордун даттанууларынын реестри» автоматташтырылган системасына интеграцияланды. Бул кадам кайрылууларды кароонун ачык-айкындуулугун арттырганы белгиленет.

Ошондой эле 2025-жылдын 30-октябрында Бишкекте инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ачык диалог уюштурулуп, анын жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Башкы прокуратура жана бизнес-ассоциациялар ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган.

Мындан сырткары, Президент Садыр Жапаровдун «Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө» жарлыгына ылайык, агенттиктин макамы жогорулатылып, инвестицияларды стратегиялык деңгээлде башкаруучу бирдиктүү борбор катары аныкталды.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X