Инвестициялардын эсебинен Ошто социалдык объектилер жаңыланууда

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин ишке ашыруу алкагында социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Аталган агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү максатында Ош шаарындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү. Иш сапардын алкагында ал Ош облустук юстиция башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жаңы административдик имараттын курулушу менен таанышты.

Долбоор заманбап талаптарга жооп берген беш кабаттуу имаратты курууну камтыйт. Ал кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жарандарга сапаттуу юридикалык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган. Долбоордун мамлекеттик өнөктөшү — Юстиция министрлиги, ал эми жеке өнөктөшү — «Капитал Строй Инвест» ЖЧКсы. Макулдашуу 2024-жылдын 18-мартында 47 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Жалпы инвестиция көлөмү 228 млн сомду түзөт. Учурда курулуштун активдүү баскычы жүрүп, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардын негизги иштеринин бир бөлүгү аяктаган. Объект 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров Ош шаарындагы «Дельфин» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында түзүлгөн «Булак» спорттук-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул объект мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылып, бассейнди реконструкциялоо жана заманбап фитнес-борбор курууну камтыйт.

Долбоор Ош шаарынын мэриясы жана «Дем-Ал» ден соолукту чыңдоо комплекси» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашкан. Инвестиция көлөмү 95 млн сомду түзүп, объект 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген.

Расмий өкүлдүн айтымында, МЖӨ долбоорлору инвестиция тартуунун жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы болуп саналат. Ал мындай демилгелер жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга жана аймактык өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш сапардын соңунда долбоорлордун кийинки этаптары жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X