Инвесторлор үчүн 3200дөн ашык акция жеткиликтүү болду

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Кыргызстандагы брокердик компания Royal Pure Gold эл аралык соода аянтчасы International Trading System (ITS) менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Натыйжада компаниянын кардарлары дүйнөлүк 3200дөн ашык акция жана ETF инструменттерине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Келишим 16-февралда «Кыргызстандын фондулук рыногунун өнүгүүсүнүн негизги тренддери» аттуу тегерек столдун алкагында түзүлдү. Иш-чарага ЖМК өкүлдөрү, финансылык тармактын адистери жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Компаниянын маалыматына ылайык, кардарлар Kagan Invest онлайн аянтчасы аркылуу чет өлкөлүк компаниялардын акцияларын жана башка финансылык инструменттерди сатып ала алышат. Мында эсеп ачуу жана операция жүргүзүү жараяны толугу менен санарип форматта ишке ашырылат.

Royal Pure Gold компаниясынын башкы директору Арстанбек Абдикапаров бул кызматташуу кардарларга эл аралык рынокко түз жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөрүн белгиледи. Ал эми ITS башкармасынын төрагасы Чыңгыз Канапьянов Борбор Азиядагы өнөктөштүк кеңейип жатканын айтты.

Белгилеп кетсек, буга чейин кыргызстандык инвесторлор чет өлкөлүк акцияларга көбүнчө чет элдик брокерлер аркылуу инвестиция салышчу. Жаңы келишим жергиликтүү брокер аркылуу эл аралык рынокко чыгууга шарт түзөт.

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X