Иранда химиялык заводдо өрт чыкты

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11

Ирандын борбору Тегерандын түштүк тарабынан орун алган 1 миллион калкы бар Кум шаарында химиялык заводдо өрт чыкты. Анын кесепетинен алты адам жабыркады. “Моваллан” деп аталган бул завод Ирандагы эң чон заводдордун бир болуп саналат. Ишканада фталдуу ангидрид өндүрүлөт.Бул уулуу зат чайыр жана боёкторду чыгарууда колдонулат. Өрттүн эмнеден чыккандыгы белгисиз деп жазды Fars агенттиги.

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X