"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №28 2023-жылдын 7-апрели

КУТТУКТОО

Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодо Президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

“Ушул маанилүү окуяга байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин атынан 1993-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн Индонезия Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ысык саламымды жана куттуктоомду билдиргим келет.

Акыркы отуз жылдын ичинде биздин эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз мамиле конструктивдүү түрдө бекемделип келгенин белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Ал мамиле азыр, жакынкы жылдарда, келечекте да өнүгө берерине толук ишенемин”, — деп айтылат куттуктоодо.


Байрагыбызды бийик желбиреткен спортчулар

Президент Садыр Жапаров 6-апрелде дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Өлкөбүздө дене тарбия жана спорт — мамлекеттин социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири болуп келген жана болуп кала берет. Бүгүнкү күндө бул тармакта миңдеген адистер иш алып барууда. Албетте, спорттун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада жогорку жетишкендиктерге жетишүүдө алардын салымы зор.

Эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байрагыбызды бийик желбиреткен спортчуларыбыздын аркасы менен акыркы жылдары республикабыздын булуң-бурчунда активдүү жашоо образын тандаган спорт менен машыккандардын саны өстү. Булардын баары спорт тармагында иштеген, өз ишин так билген жана чын жүрөктөн сүйгөн кызматкерлердин талбаган эмгегинин үзүрү деп баса белгилеп кетейин.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чың ден соолук, спорттогу чыдамкайлык, жеңиштерди багындырууда өжөрлүктү каалайм”.


Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү зарыл

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болуп, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салууга катышты.

Акылбек Жапаров мүмкүнчүлүктөргө карабастан, күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жаткандыгыбызды айтып, «Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары — энергиянын ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булагы болуп саналат. Бул керектөөчүлөр үчүн арзан, эң негизгиси айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяны жок. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – бул биздин өлкөнүн энергетика тармагынын келечеги”, — деди.

Ал күн электр станциясын куруу биринчи биргелешкен “жашыл” МЖӨ долбоору болорун кошумчалады. Долбоорду ишке ашырууда мамлекет жер тилкесин бөлүп, ченемдик укуктук актыларды даярдап, каржылоо булактары аныктаган.


Ыңгайлуу жашоо үчүн шарт керек

Шейшемби күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы маданий жайларды кыдырды.

Адегенде Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрына баш багып, учурда реконструкциядан өтүп жаткан театрдын имаратынын сырты начар абалда экендигин көрүп, сыртына да көңүл бурууну тапшырды. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү жана көрктөндүрүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Акылбек Жапаров долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, жеңүүчү компания борбордук Ала-Тоо аянтына жакын жайгашканын эске алышы керектигин кошумчалады.

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарлардын абалын көрүп, начар экендигин белгиледи. Баарын иретке келтирип, адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү керектиги тууралуу борбор калаанын мэрине тапшырма берди.


Улуттук долбоорлорго инвестиция

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймакка жасаган иш сапарынан кийин видеоконференция режиминде бир катар эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго инвестиция тартуу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маектештери, аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык инвестициянын олуттуу көлөмүн өздөштүрүү боюнча республиканын потенциалынын кыйла жогорулаганы кызыктырып жатканын белгилешти.


Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады

Шаршемби күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ат-Башы гидроэлектростанциясын (ГЭС) реконструкциялоо долбоорунун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн Нарын облусуна барды.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы реконструкциялоо аяктагандан кийин кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка чейин жогорулаарын, анын иштөө мөөнөтү 25 – 40 жылга жетээрин жана бул Ат-Башы ГЭСинин аймак үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору, бизде 40 миңге жакын дарыялар, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик 4 чокусу жайгашкан. Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Буга түздөн-түз далил — Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун аякташы. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун жашоочуларын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, — деген Акылбек Жапаров ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Өткөн жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөндүгүн айткан Акылбек Жапаров: “Биз кылымдын курулушун баштадык – алар Камбар-Ата-1 ГЭСи, 2 жылдан бери токтоп турган Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегаты ишке киргизилди, азыр 1260 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтер курулуп жатат, бул башталышы”, — деди.


“Колдон колго” ресурстук борбору колдоого муктаж

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы “Колдон колго” коомдук бирикмесинин ресурстук борборуна барды.

Анда борбордун адистеринин иши менен таанышып, аутизм спектри бузулган балдардын ата-энелери менен баарлашты. Так диагноз алуу, аймактарда адистештирилген жардамдын жоктугу, баштапкы медициналыксанитардык жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин арасында аутизм боюнча маалыматтын, психиатрлардын жетишсиздиги айтылды.

Эдил Байсалов ийгиликтүү абилитация процесси үчүн аутизмди эрте аныктоо процедураларын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн билдирип, оорулуу балдарды караган үйбүлөлөргө колдоо көрсөтүү зарылдыгы бар экендигин белгиледи.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!