"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №30 2023-жылдын 14-апрели

Сергей КОРСАКОВ: «Кыргызстан менин жүрөгүмдө»

Президент Садыр Жапаров 12-апрелде — Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду кесиптик майрамы менен куттуктап, туулупөскөн кичи мекени Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи.

«Биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша Сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков туулупөскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгилеп, «Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди.


Ар бир тамчы маанилүү

Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында суу тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет.

Төрага Акылбек Жапаров көпчүлүк өлкөлөрдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгилеп, “Биз өлкөнүн калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо үчүн саясатыбызды, жоболорубузду жана институттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана санитария жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты. Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу милдеттери жана суу ресурстарын үнөмдөөгө жана эффективдүү пайдаланууга өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлоо стандарттары эске алынат”, — деди.


Көбүрөөк көлөмдөгү түз колдоо керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вицепрезиденти Мамта Мурти менен жолукту.

Анда Кыргыз Республикасынын экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарындагы учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты.

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларында негизинен – Дүйнөлүк банктын эволюциясынын жол картасына, Дүйнөлүк банктын тобун реформалоо боюнча демилгелерге көңүл бурулду.

Бул реформалоо демилгесин колдоорун билдирген Акылбек Жапаров, климаттын өзгөрүшү жана пандемияга даярдык маселелерин Дүйнөлүк банктын миссиясына киргизүү, Дүйнөлүк банктын операциялык моделин жаңылоо, «кардар өлкөлөргө» каржылык жардамды көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасына көбүрөөк көлөмдөгү «түз колдоо» керектигин кошумчалады. Банкка тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштап:

«Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деди.

Санариптик технологияларды адам жашоосунун бардык чөйрөсүнө киргизүү багытында кошумча финансылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да талкууланды.


Ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында Вашингтон шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту.

Жолугушууда энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты. Тараптар 2027-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча бирдиктүү пикирге келишти.

Кыргыз Республикасы ар кандай тышкы таасирлерге карабастан, экономикалык өсүүнү сактап кала алгандыгын айткан Акылбек Жапаров: “Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине даярбыз, ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди”, — деди.

Өз кезегинде Антонелла Бассани Дүйнөлүк банктын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Жол картасын жана каржылык планын иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, жакын арада Кыргыз Республикасында өтө турган Суу форумуна катышуу планына токтолду.


Жардамды жалпы эл сезиши керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Айыл Банк» ААКда жана «РСК Банк» ААКда көчмө жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик банктардын жетекчилери жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында “Айыл чарба тармагын каржылоо” жана “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыянын берилиши талкууланды.

Бакыт Төрөбаев: “Жеңилдетилген насыя үчүн делип мамлекеттик банктарга түшкөн каражатты таратуу менен эле чектелбей, терең анализ жүргүзүп турушуңуздар керек. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык боюнча берилип жаткан жеңилдетилген насыялар канчалык жардам берип жатканын жалпы эл сезиши керек. Ошондо ишкерлерге мамлекеттик жактан колдоо көрсөтүлүп, калктын жашоо турмушунун жакшырып жатканын билебиз”, — деди.

Энергиянын кайра жаралуу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын курууда, лизингге айыл чарба техникаларын жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алууда жеңилдетилген насыя берүү маселеси да айтылды.


Жарандардын эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелер

Шаршемби күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты. Жыйында профсоюздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ар кандай профсоюздук долбоорлорду ишке ашыруу, өткөн жылы түзүлгөн үч тараптуу макулдашууну ишке ашыруу, Эмгек кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана административдик чараларды күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Эдил Байсалов катышуучуларды эмгек укуктарын коргоодо, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо жана аң-сезимин жогорулатууда активдүү позицияны карманууга чакырды. Жыйындын жыйынтыгында жумушчулардын социалдык жактан корголушун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн кесиптик бирликтер менен мамлекеттик органдардын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү, жарандардын эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууну баштоо чечими кабыл алынды.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№30 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-апрели

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!