"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №34 2023-жылдын 25-апрели

Чүй облусунда эки ири ишкана курулат

Союз мезгилинде Кант цемент-шифер заводунун продукциясы өлкө ичинде гана эмес, кошуналар арасында да чоң сурооталапка ээ болгон. Бүгүн мына ушул “Кант түтүкшифер” ишканасы кеңейип, жаңы линиясынын имараты курулмакчы. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров заводдун жаңы имаратынын курулушунун капсуласын салууга катышты.

Акылбек Жапаров жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун айтты. Ал айткандай Кыргызстан кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит жана башка курулушка керектүү байлыктарга ээ. Илгери бул заводдон чыккан продукциялар менен Алматы, “Байконурга” чейинки курулуштар салынганын айтып, азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар ЕАЭБдин реестрине киргенин жана эл аралык стандарттарга төп келерин белгиледи. “Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич жана башка курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

“Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн доллар, анын 8,5 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Жаңы линия ишке кирсе 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.


Келечектин заводу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ушул эле күнү Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салды.

Министрлер Кабинетинин башчысы жаңы курулчу заводду келечектин заводу деп атады. Завод заманбап технология менен иштеп, зыяндуу таштандыларды чыгарбайт. Ишкана иштеп баштаса мамлекетке салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн ири кирешелер түшөт. Завод экспортко багытталган ири ишкана болот. Акылбек Жапаров ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп белгиледи. “Бир жагынан, токтоп турган ишкананын ордун кайра жандандырып жатканыңыздар үчүн рахмат. Экинчи жагынан, заводду эң жакшы жерге салып жатасыздар. Логистикалык жактан стратегиялык жерде турат – түндүктүштүк жолу өтөт, экспортко чыгарууга көзөмөл өткөрүү пункту жакын, темир жол станциясы бар. Сырье жактан – карьер жаныңарда”, — деди Акылбек Жапаров.

“Асыл-Таш” керамика” заводу иштесе 300 адамга жумуш ордун берет. Карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн долларды түзүп, анын 25 млн доллары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.


Сауд өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого даяр

Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Арабия Королдугунун Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандагы маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда муктаж жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Султан Аль-Маршад Министрлер Кабинети менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташууну жогору баалап, “Кыргызстан менен фонд 12 жыл тыгыз иш алып барып, жемиштүү жетишкендиктерди жасай алдык. Акыркы 2 жылда кызматташуубуз жогорку деңгээлге жетти. Сауд өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого даяр”, — деп билдирди.


ЕАЭБ аймагында кооперацияга колдоо
Николай Журавлев / Евразийская экономическая комиссия
21 апреля 2023
Москва, Россия

Канча жылдан бери эле кооперацияны өнүктүрүү жөнүндө айтылып келет. Бирок өлкөбүздө бул иш өнүгүп кете алган жок. Эми ЕАЭБ аймагында биргелешкен кооперациялык долбоорлор ишке ашырылышы мүмкүн. 22-апрелде Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш “Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруусуна финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө” чечиминин долбоорун жактырды. Бул бизнес демилгелерди натыйжалуу илгерилетүүгө, өлкөлөр ортосундагы өз ара инвестицияларды жана жумуш орундарын олуттуу түрдө көбөйтүүгө, өндүрүштүк комплекстердин туруктуулугун жогорулатууга жардам берет. Мындай долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык жана улуттук финансылык уюмдар тарабынан берилген кредиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан аныкталмакчы.

Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында 38 маселе каралып, анын ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты.


Сапаты стандарт болсо, санаа жок

Ушу тапта Кыргызстан менен “Россельхознадзорунун” ортосунда Кыргызстандын сүт азыктарынын Россияга сатылышына коюлган чектөөнү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Албетте, экономикалык биримдикте туруп мындай чектөөлөрдүн келип чыгышы эки тарапка тең пайда алып келбейт. 22-апрелде Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынында ЕЭК Кеңешине ветеринардык каттоодон өтпөгөн жана мал чарба азыктарындагы аты жок дары-дармек каражаттарынын жол берилген жогорку деңгээлин стандартташтыруу боюнча тапшырма берилди. Бул кабыл алынса мүчө өлкөлөр ортосунда мал чарба азыктарын экспорттоодо анын сапатынын белгиленген стандарттарынын сакталышын шарттайт. Кеңештин отурумунда Евразия экономикалык биримдигине мүчөмамлекеттердин аймагында “ЧыгышБатыш”жана “Түндүк-Түштүк” багыттары боюнча транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү маселеси да талкууланды. Ошондой эле Кытайдын “Бир алкак — бир жол” демилгеси аркылуу Биримдиктин алкагында транспорттук инфраструктураны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кийинки жыйыны 2023-жылдын 19-майында өтөт.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 25-апрели

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!