"Эркин-Тоо"

ИШ ЖУМА / 2023-ЖЫЛДЫН 14-НОЯБРЫ

Дары-дармектерди өндүрүүнүн көлөмү көбөйтүлөт

Президент тарабынан эгемен Кыргызстандын учурдагы өнүгүү этабында олуттуу социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттердин алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.

Төрөбаев мамлекеттик колдоонун негизги максаты Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик сапаттуу дары-дармектердин өндүрүшүн коргоо үчүн зарыл болгон өз мөөнөтүндөгү жана натыйжалуу чараларды көрүү экендигин белгилеп, Ассоциацияны Кыргызстанда фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелүү сунуштарды Министрлер Кабинетине жана тиешелүү ведомстволорго да активдүү киргизүүгө чакырды.

Ассоциация Министрлер Кабинетинен өндүрүлгөн продукцияны кепилденген сатуунун пландуу өндүрүш механизмдерин ишке ашырууда, ЕАЭБ GMP ишке ашыруу үчүн субсидияларды бөлүүдө колдоо көрсөтүүнү суранды, ошондой эле өндүрүлгөн дары-дармектердин айрым түрлөрүн импорттоодо КНС киргизүү сунушун киргизди.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн ата мекендик продукцияга импорттук КНСти киргизүү, чекене соода түйүндөрүндө ата мекендик дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, дары-дармектерди өндүрүү көлөмүн 3%дан 20%га чейин көбөйтүү, фармацевтика тармагын каржылоо жана жеңилдетилген режимде коргоо программасы сыяктуу чараларды киргизүү менен атамекендик фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча Жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

 

Жашыл экономикага карай кадам ташталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кыргызстан климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын 28-конференциясы алдында: позицияларды иштеп чыгуу боюнча диалогдор» аттуу Улуттук форумга катышты. Анда бардык катышкан тараптар Кыргызстандын делегациясынын БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптардын 28-конференциясынын ишине катышуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин акыркы жыйынтыктарын талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев Министрлер Кабинети тарабынан “жашыл” өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо аркылуу туруктуу өнүгүүгө багытталган стратегиялык программалар жана долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

«2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында биз экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштыруу милдетин койдук. Биз ошондой эле экологияга багытталган бизнести өнүктүрүүгө, “жашыл” экономиканын принциптерин тармактык саясатка интеграциялоого, калдыксыз, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө күч-аракетибизди жумшап жатабыз», — деди Бакыт Төрөбаев жана бул амбициялуу максаттарга жетүү үчүн жарандык коом, жеке бизнестин жана эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экендигин кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле «Кыргызстан «климатка туруктуу» технологияларды жана саясатты эске алуу менен өлкөбүздүн келечегин курууга тийиш болгон чечүүчү мезгилде турат» деп белгиледи.

 

Пакистан менен аралык жакындоодо

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, Кыргыз Республикасы кыргыз-пакистан достугуна жана соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин айтты.

«Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле көп жылдар бою топтолгон өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилегим келет. Биз жаңы келечектүү максттарды аныктап, өз ара аракеттешүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишенем. Мен тараптарды кызматташуунун бардык алгылыктуу чөйрөсү боюнча өз ара аракеттенүүнүн жаңы, оптималдуу багыттарын табуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого чакырам» — деди ал.

Эдил Байсалов эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилерине, атап айтканда өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолду. Ал адал-индустрия тармагындагы кызматташууну актуалдуу багыт катары белгилеп, пакистандык тарапка адал аккредитация маселелери боюнча, анын ичинде окутуу жана биргелешкен баалоо аркылуу тажрыйба алмашууга макулдугу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!