"Эркин-Тоо"

ИСХАК РАЗЗАКОВДУ ЭСКЕРҮҮ

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков 1979-жылы 19-мартта жарык дүйнө менен кош айтышкан. Улуу инсанга байланышкан даталуу күндөрү “Ала-Арча” көрүстөнүнө анын жердештери, тарыхчылар, белгилүү инсандар, студенттер барып эскерип туруусу адатка айланган.

Быйыл да эскерүүгө кызы Элмира Исхаковна жана Исхак Раззаков атындагы коомдук фондунун жетекчиси З.Осмонов, тарыхчы К. Молдокасымов жана башка бир топ инсандар “Ала-Арча” көрүстөнүнө келишти.

Элмира Исхаковна: “Кыргыз элине жана бийликке ыраазымын”

– Атамдын каза болгонуна 46 жыл, ал эми туулганына 115 жылдын жүзү болду. Анын сөөгү Кыргызстанга келгенине чексиз ыраазымын. Атам Исхак Раззаковдун эңсөөсү, каалоосу ошол болчу. “Ал каза болоордон бир күн илгери жаз да келди, буюрса, туулган жерибизге барабыз” деген эле. Эртеси 19-март күнү бул дүйнө менен кош айтышып кете берди… Азыр уулум экөөбүз да туулган жерибизге келип, Кыргызстаныбызда бардык шарт-ыңгайы менен жашап жатканыбызга Кудайга шүгүр айтабыз жана бул чечим үчүн бийликке ыраазымын.

К.Молдокасымов, тарыхчы: “Исхак Раззаков, Жусуп Абдрахмановдой лидерлер жалпы кыргыздыкы”

– Ар кайсы жерде ушуну айтам. Белгилүү, элге эмгеги сиңген инсандарды бир гана туулуп өскөн айылынын, районунун калкы эскербестен жалпы жумурай-журт эстеп, көңүл борборуна алып чыксак, ошондо улуттук лидерлерди баалаган болобуз. Мисалы, Исхак Раззаковдой, Жусуп Абдрахмановдой көрүнүктүүлөр улут лидерлери. Исхак Раззаковдун көрөгөчтүк менен айтып кеткен чек ара, жер-суу маселеси канчалаган жылдар өтсө да маанисин жоготкон жок. Ал кишинин саясатта салып кеткен изи дагы деле бизге үлгү.

Айнагүл Базарбаева