Ишенимдүү өнөктөш өлкө
Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдеп, саясий жана экономикалык кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Эске салсак, Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелери 1993-жылы түзүлгөн. Ошондон бери эки өлкө ар кандай багыттарда кызматташып келет. Бирок, акыркы жылдары бул байланыштар өзгөчө күчөп, жаңы деңгээлге чыкты. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушууларынын жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү документтерге кол коюлуп, соода, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба, маданият жана туризм тармактарындагы кызматташтык кеңейүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжан бири-бирин ишенимдүү өнөктөш катары көрүп, экономикалык байланыштарды чыңдоого аракет кылууда.
Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгындагы маанилүү кадамдардын бири Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун түзүлүшү болду. Фонддун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзөт. Ал энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, логистика, туризм жана өндүрүш тармагындагы долбоорлорду каржылоого багытталган. Бул фонд кыргызстандык жана азербайжандык ишкерлерге биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы ишканаларды түзүүгө жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү акыркы жылдары өсүүдө. Ошол эле учурда эки өлкөнүн жетекчилиги азыркы көрсөткүчтөрдү дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп келет. Өлкөлөр сооданы кеңейтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана ишкерлердин байланышын күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул багытта транспорт жана логистика чоң мааниге ээ. Өзгөчө Транскаспий эл аралык транспорттук коридору Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул жол аркылуу кыргыз товарлары Азербайжандын Баку деңиз порту аркылуу Кавказ өлкөлөрүнө, Түркияга жана Европага чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул багыт эки өлкөнүн соода байланышын дагы күчөтөт.
Кыргызстан менен Азербайжан достугунун көрүнүктүү мисалдарынын бири – Бишкек шаарында курулган Азербайжан паркы. Бул парк Азербайжан тарабынан белек катары курулуп, бүгүнкү күндө борбор калаанын заманбап эс алуу жайларынын бири болуп калды. Аталган долбоор эки өлкөнүн мамилеси экономика жана саясат менен гана чектелбестен, маданий жана гуманитардык байланыштар да бекемделип жатканын көрсөтөт. Ошондой эле Азербайжан өлкөсүнүн ишкерлери тарабынан Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу дагы кызматташуунун иштиктүү натыйжасы.
Ошондой эле Кыргызстан Азербайжандык Агдам районунун Хыдырет айылына 528 орундуу заманбап шарттагы мектептин имаратын куруп, белекке бериши достук мамиленин айкын далили.
Акыркы жылдары Азербайжан тез өнүгүп, өзгөчө анын борбору Баку шаары чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Бүгүн Баку заманбап архитектурасы, жакшы өнүккөн транспорт системасы, санариптик кызматтары жана жаңы инфраструктуралык долбоорлору менен айырмаланат. Шаар Кавказдагы эң өнүккөн борборлордун бири болуп калды. Кыргызстан үчүн Азербайжандын бул тажрыйбасы пайдалуу болушу мүмкүн. Айрыкча шаар куруу, жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана туризм тармагында эки өлкө кызматташа алат.
Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жаңы келишимдерге жана биргелешкен долбоорлор боюнча документтерге кол коюлду. Бул сапар эки өлкөнүн кызматташуусун дагы бекемдеп, инвестицияларды көбөйтүүгө, соода көлөмүн арттырууга жана жаңы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү.
Жазгүл Кенжетаева