Ишкерлер биржага чыгат: Жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт
Кыргызстандык ишкерлер үчүн биржалык сооданын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган келишим түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргыз фондулук биржасы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке СӨПтүн президенти Темир Сариев жана Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору Аида Чодулова кол койду.
Кызматташуунун алкагында ишкерлерге биржалык сооданын заманбап инструменттерин колдонууга, уюштурулган товардык рынокко чыгууга жана инвестиция тартууга көмөк көрсөтүү пландалууда.
Темир Сариев биржалык механизмдер реалдуу сектор жана айыл чарбасы үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, товардык биржа өндүрүүчүлөргө продукциясын адилеттүү баада сатууга жана алдын ала түзүлгөн келишимдер аркылуу келечектеги сатууларын так пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, тараптар ишкерлер үчүн билим берүү иш-чараларын жана бизнес-форумдарды өткөрүүнү, маалымат алмашууну жана финансылык сабаттуулукту жогорулатууну көздөшүүдө.
Негизги максат — бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өндүрүүчүлөр менен рыноктун ортосунда ишенимдүү байланыш түзүү.