Ишкерлерди колдоого багытталган эки мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 73

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ишкерлерди колдоого багытталган эки мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Биринчи мыйзам долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленип, салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун айтымында, сунуштар мыйзамдарды өркүндөтүүгө, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Анын ичинде тигүү жана текстиль өнөр жайындагы ишканаларды, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан ишкерлерди ири логистикалык борборлордун ишиндеги үзгүлтүктөрдөн улам колдоо чаралары сунушталууда.

Мындан тышкары, комитет ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартибине байланыштуу дагы бир мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаровдун маалыматына караганда, документ текшерүүлөрдү прокуратура органдарында каттоодон өткөндөн кийин гана жүргүзүүгө укуктук механизм түзүүнү көздөйт.

Жыйында ошондой эле өнүктүрүү фонддорунун ишмердиги жана мамлекеттик инвестицияларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу маалымат угулду.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X