Ишкерликтин ийгилиги билимден жана туура стратегиядан башталат

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 135

 Кыргызстанда акыркы жылдары ишкерликке кызыккандардын саны көбөйүп, жаңы ишканалар ачылып, жаштар да, тажрыйбалуу адистер да бизнес дүйнөсүнө кадам таштоодо. Бирок, иш баштоо менен аны ийгиликтүү өнүктүрүү эки башка түшүнүк. Ишкерликтеги эң чоң тоскоолдуктардын бири – билимдин жетишсиздиги, туура пландоонун жоктугу жана финансылык сабаттуулуктун төмөн деңгээли. Мындай пикирлер жакында өткөн маалымат жыйынында кеңири талкууланды.

«Школа инвесторов» ЖЧКсынын жетекчиси, бизнес-тренер Данияр Назаралиев жана ишкерлик чөйрөсүндөгү эксперт, бизнес насаатчы, сатуу боюнча адис Адамбек Нээмат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, товар сатуу, инвестиция тартуу, заманбап бизнес жүргүзүү жана кыргыз ишкерлеринин алдында турган негизги көйгөйлөр тууралуу ой бөлүшүштү.

 Билим – бизнестин эң чоң капиталы

Данияр Назаралиевдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда болжол менен 200 миңге жакын ишкер бар. Алардын арасында ички рынок менен гана чектелбестен, эл аралык деңгээлге чыга ала турган компаниялар да арбын. Бирок бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга көп учурда билимдин, тажрыйбанын жана туура башкаруунун жетишсиздиги тоскоол болуп жатат.

Анын айтымында, заманбап бизнес интуицияга гана эмес, так эсепке, талдоого жана маалыматка негизделиши керек. Кардардын суроо-талабын билүү, рыноктогу өзгөрүүлөрдү өз убагында байкоо жана бизнес-моделди дайыма өркүндөтүп туруу ийгиликтин башкы шарттарынын бири болуп эсептелет.

Бизнес башкаруунун  жаңы маданияты калыптанууда

«Школа инвесторов» компаниясы ишкерлерге бизнесин комплекстүү талдоого, финансылык моделин түзүүгө, өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана инвестиция тартууга көмөк көрсөтүп келет. Компания ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу, кирешелүүлүктү жогорулатуу, сатууну көбөйтүү жана башкаруу системасын жакшыртуу боюнча практикалык кеңештерди берет.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишкер жөн гана товар өндүрүп же кызмат көрсөтүүчү эмес, ал аналитик, финансист жана менеджер катары да ой жүгүртө билиши керек.

Данияр Назаралиевдин пикиринде, ар бир компаниянын өсүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Кыргызстанда алардын колдоосу менен өнүгүп жаткан бир нече компаниялардын арасында “5 манты”, “Пена” сыяктуу бренддерди атасак болот.

“Азыр дүйнөдө IPO (Initial Public Offering) аркылуу өнүгүү кеңири жайылган. Apple, Google сыяктуу дүйнөлүк компаниялар ушул механизм аркылуу ири капитал тарткан жана дүйнөлүк рынокто өз ордун бекемдеген.  Казакстанда дагы IPO рыногу жакшы өнүгүп жатат. Биз ал жактагы бир катар компаниялар менен иштешип, кызмат көрсөткөнбүз. Айрым компаниялар эки жыл даярданып, үчүнчү жылы дүйнөлүк рынокко чыгууга жетишкен,” — деди Д.Назаралиев.

Инвестиция тартууда ишеним жетишсиз

Маалымат жыйынында инвестиция тартуу маселеси дагы кеңири сөз болду. Данияр Назаралиевдин айтымында, Кыргызстандагы ишкерлердин дагы бир олуттуу көйгөйү – инвесторлор менен иштөөнүн эрежелерин жетиштүү билбегендиги.

Дүйнөдө инвесторлордун көптөгөн түрлөрү бар. Алардын ар бири менен иштөөнүн өзүнүн шарттары, талаптары жана жоопкерчилиги болот. Бирок көп учурда ишкерлер бул маселеге жетиштүү көңүл бурбай, бардык нерсени жеке ишеним менен чечүүгө аракет кылышат. Кээде адамдар сүйлөшүп олтуруп, чай үстүндө  өнөктөш болуп калышат. Бирок бир нече ай өткөндөн кийин каражат, үлүш, дивиденд жана жоопкерчилик боюнча суроолор жаралат. Эгер кызматташуу башталганда бардык шарттар юридикалык жактан так жазылбаса, кийин пикир келишпестиктер сөзсүз келип чыгарын айтып өттү.

Казакстандын тажрыйбасынан эмнени үйрөнсөк болот?

Коңшу Казакстанда инвестициялык мамилелер кыйла системалуу уюштурулган. Инвестор менен ишкердин ортосундагы бардык укуктар, милдеттер, тобокелчиликтер жана кирешени бөлүштүрүү тартиби алдын ала юридикалык жактан бекемделет. Кыргызстанда болсо көп учурда нотариалдык каттоо менен гана чектелип калган учурлар кездешет. Бирок бул бизнес үчүн жетиштүү эмес. Ар бир ишкер жаңы өнөктөштүккө кирерден мурда сөзсүз юристтер жана финансылык адистер менен кеңешип, бардык тобокелчиликтерди алдын ала эсептеп чыгышы керек. Бул келечектеги чоң көйгөйлөрдүн алдын алат.

Сатуу – жөн гана товар сунуштоо эмес

Сатуу боюнча адис Адамбек Нээматтын пикиринде, көпчүлүк ишкерлердин кетирген катасы – алдын ала эсеп жүргүзбөстөн, чоң чечимдерди кабыл алышы.АДАМБЕК НЭЭМАТ | БИЗНЕС-ТРЕНЕР | ПРОДАЖА (@adambek.neemat) • Instagram  photos and videos

Бизге кайрылгандардын көбү: «Мындай маселелер бар экенин мурда билбептирбиз» деп айтышат. Тилекке каршы, айрымдары бул кемчиликтерди бизнеси чыгымга учурап же банкроттук абалга келгенде гана түшүнүшөт,” – дейт ал.

Адистин айтымында, практикада 50 миң сом менен чечиле турган маселеге бир нече жүз миң сом коротуп алган учурлар кездешет. Кээ бир ишкерлер рынокту талдабай туруп чоң көлөмдө товар сатып алышат. Бирок суроо-талап туура бааланбагандыктан, алынган товар өз убагында өтпөй, ишкер олуттуу чыгымга учурайт. Натыйжада айрымдары ишкерликти жүргүзүү ойлогондой жеңил эмес экенин түшүнүп, өз ишин токтотууга аргасыз болушат. Кээ бирлери чоң суммадагы карызга батса, башкалары жаңы мүмкүнчүлүк издеп чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушат. Мунун баары бизнеске киришүүдөн мурда рынокту терең изилдеп, так эсеп жүргүзүүнүн жана туура пландоонун канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.

Адамбек Нээмат ийгиликтүү сатуунун негизги үч шартына өзгөчө токтолду. Ийгиликтүү сатуунун өзөгүндө кардардын муктаждыгын туура түшүнүү, так эсеп жүргүзүү жана туура жолду тандоо турат. Сатуу – жөн гана товар сунуштоо эмес. Ал кардардын көйгөйүн чечүүчү туура сунушту бере билүү, ишеним жаратуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүү болуп саналарын белгиледи.

Билимдүү ишкер – күчтүү экономика

Экономисттер белгилегендей, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Жаңы жумуш орундарын түзүү, салык төлөмдөрүн көбөйтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүү, мунун баары билимдүү жана жоопкерчиликтүү ишкерлерден көз каранды. Ошондуктан бүгүнкү күндө ишкер үчүн капиталдан да маанилүүсү – билим, туура башкаруу, финансылык сабаттуулук жана өзгөрүүгө даяр болуу.

Анткени күчтүү ишкер – күчтүү экономиканын негизи. Ал эми ийгиликтүү ишкерлик билимден, так эсептен, мыйзамдуу иш алып баруудан жана келечекти туура көрө билген стратегиядан башталат.

 

Бактыгүл Кулатаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X