Искендер Шаршеев, экономист: Карыздын көлөмү эмес, экономиканын өсүү темпи маанилүү
Кыргызстандын тышкы карызы акыркы жылдары коомчулукта көп талкууланып келет. Айрымдар аны өлкөнүн экономикалык келечегине коркунуч катары бааласа, адистер карыздын көлөмүн эмес, анын ички дүң өнүмгө болгон катышын жана кандай максатта пайдаланылып жатканын эске алуу керектигин белгилешет. Экономист Искендер Шаршеев мамлекеттик карыздын учурдагы абалы, ири долбоорлордун таасири жана келечектеги тобокелдиктери тууралуу пикирин билдирди.
– Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыз боюнча кооптонууга негиз жок экенин айтып, аны ички дүң өнүмгө карата баалоо керектигин белгиледи. Экономикалык көрсөткүчтөр бул позицияны канчалык деңгээлде тастыктайт?
– Ооба, учурдагы экономикалык көрсөткүчтөр бул пикирди тастыктайт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ички дүң өнүмгө карата катышы болжол менен 40 пайыздын айланасында болуп, белгиленген 50 пайыздык чектен кыйла төмөн турат.
Карыздын негизги бөлүгү тышкы милдеттенмелерден турса да, өлкөнүн экономикасы өсүп жатат. Бюджеттик тартыштык азайып, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана салыктык түшүүлөр көбөйүүдө. Бул мамлекеттин карызды тейлөө мүмкүнчүлүгү жакшырып жатканын көрсөтөт.
Маанилүү көрсөткүч карыздын абсолюттук көлөмү эмес, анын экономиканын көлөмүнө болгон катышы. Акыркы жылдары мамлекеттик карыздын экономикадагы үлүшү акырындап төмөндөө багытында бара жатат.
– Тышкы карыздын ички дүң өнүмгө карата үлүшүнүн болжол менен 39 пайызга чейин төмөндөшү өлкө үчүн эмнени билдирет?
– Бул биринчи кезекте өлкөнүн финансылык туруктуулугунун жакшырып жатканын билдирет. Эл аралык практикада мындай көрсөткүч салыштырмалуу коопсуз деңгээл катары каралат. Карыздын азайышы өлкөнүн финансылык аброюна оң таасирин берип, инвесторлордун ишенимин жогорулатат. Ошондой эле келечекте эл аралык каржы булактарынан жеңилдетилген шарттарда каражат тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, бюджеттик каражаттарды карыз төлөөгө эмес, социалдык тармактарга жана өнүктүрүү долбоорлоруна көбүрөөк багыттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
– Тышкы карыздын эсебинен ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор өлкөнүн экономикасына кандай натыйжа берет?
– Карыз каражаты туура багытка жумшалса, ал экономиканын өсүшүнө түрткү берген инвестициялык инструментке айланат. Мисалы, жолдорду, энергетикалык объектилерди, суу чарба системаларын жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
Бирок негизги маселе карыз алууда эмес, аны канчалык натыйжалуу пайдаланууда. Долбоорлор ачык-айкын ишке ашып, күтүлгөн экономикалык натыйжаны бериши керек. Болбосо каражаттын кайтарымы төмөндөп, тобокелдиктер жаралат.
– Азыркы көлөмдөгү мамлекеттик тышкы карыз Кыргызстан үчүн коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү?
— Азыркы деңгээлдеги мамлекеттик карыз Кыргызстан үчүн экономикалык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратпайт. Эл аралык каржы институттары да өлкөнүн карыздык абалын салыштырмалуу туруктуу деп баалап келишет. Кыргызстандын алтын-валюта резервдери жетиштүү деңгээлде сакталып, карызды тейлөө мамлекеттик бюджетке ашыкча оордук жараткан жок.
Ошол эле учурда мамлекеттик карызга байланыштуу тобокелдиктерди толугу менен четке кагууга болбойт. Дүйнөлүк экономикалык кризистер, валюта курсунун өзгөрүшү же экспорттук кирешелердин төмөндөшү карыздын туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан тышкы карызды натыйжалуу башкаруу, алынган каражаттарды өнүктүрүүчү тармактарга багыттоо жана туруктуу көзөмөл жүргүзүү маанилүү.
Демек, мамлекеттик тышкы карыз туура башкарылган учурда экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк бере алат, ал эми жоопкерчиликсиз пайдаланылган учурда тобокелдикке айланышы мүмкүн.
– Тышкы карызды туура башкаруу өлкөнүн келечектеги экономикалык туруктуулугуна кандай таасир берет?
– Эгер алынган каражаттар өнүгүүгө багытталып, натыйжалуу пайдаланылса, карыз экономиканын өсүшүнө кызмат кылган мүмкүнчүлүк болуп калат. Ички дүң өнүмдүн өсүшү менен карыздын экономикадагы салыштырма салмагы акырындап төмөндөйт. Бул үчүн туризмди, айыл чарбасын, маалыматтык технологияларды, өнөр жайды өнүктүрүү жана салык системасын жакшыртуу маанилүү.
Башкы шарт башкаруунун ачыктыгы, долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылышы жана экономиканын туруктуу өсүшү.
Чынайым Кутманалиева