Искендер ШАРШЕЕВ, экономист: «ТУУРА БАГЫТТАГЫ ФИНАНСЫЛЫК САЯСАТ – ЖАРАНДАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КЕҢЕЙТЕТ»

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 19

Өлкөдө финансылык мүмкүнчүлүк бар. Маселе аны кантип иштетип, элдин турмушуна канчалык деңгээлде жеткирип жатканыбызда. Экономист Искендер Шаршеев финансылык саясат туура багыт алганда кредит да, социалдык программалар да жарандар үчүн жүк эмес, жаңы мүмкүнчүлүккө айланарын айтты.

Өлкөдө жарандардын бакубат жашоосу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү?

— Бүгүнкү шартта өлкөдө финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Негизги маселе – ошол ресурстарды натыйжалуу багыттоо жана ар бир жаранга жеткирүү. Мамлекеттик бюджет, инвестициялар, банктык система жана тышкы акча агымдары экономиканын бекем каржылык базасын түзөт. Эгер бул каражаттар ишкерликти колдоого, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана кирешени арттырууга багытталса, жарандардын жашоосунда реалдуу оң өзгөрүү болот. Экономикалык саясат акырындык менен натыйжа берет. Эң башкысы – ресурстар адамдардын турмуш сапатын жакшыртууга кызмат кылышы керек.

— Кредит саясаты жана социалдык келишим программалары канчалык деңгээлде натыйжалуу?

— Бул программалар жарандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачууга багытталган. Туура пайдаланылган кредит чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, кошумча киреше табууга жол ачат. Социалдык келишим программалары да ишкерликти баштоого баштапкы колдоо берип, адамдарды өз алдынча киреше табууга үндөйт. Маселен, Президент сунуш кылган “Социалдык келишим” программасынын алкагында каржылык колдоо алган ишкерлердин тапкан пайдасы миллион сомго чейин жетип калганын айтышууда. Демек, каражаттын көлөмүнө эмес, аны максаттуу колдонууга байланыштуу. Билим, кеңеш берүү жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү менен айкалышканда, мындай программалар туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болот.

— Финансылык механизмдер жеке адамдардын жашоосун чындап жакшырта алабы?

— Албетте. Эгер каржылык колдоо туура шарттар менен коштолсо, ал адамды көз каранды абалдан чыгарып, экономикалык активдүү жаранга айлантат. Кредит – жүк эмес, туура пайдаланганга мүмкүнчүлүк. Финансылык саясаттын күчү – адамдарга ишеним берүү. Жаран өз эмгеги менен киреше таба алаарына, мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берерине ишенгенде, коомдо өнүгүү башталат. Узак мөөнөттүү туруктуу өсүш дал ушундай системалуу колдоонун негизинде калыптанат.

Чынайым Кутманалиева

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X