Искендербек Айдаралиев: Кыргызстан органикалык продукциясы менен гана дүйнөгө тааныла алат
Экология жана климаттын өзгөрүшү бүгүн дүйнө жүзү үчүн эң орчундуу маселелердин бирине айланды. Мындай шартта жаратылышы таза, суусу мол Кыргызстан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу өзүнүн артыкчылыгын дүйнөгө тааныта алат. Экологиялык жактан таза азык-түлүктү улуттук брендге айлантып, экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошмок. Органикалык кыймылдын Кыргызстандагы негиздөөчүлөрүнүн бири, “Bio-KG” органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев менен ушул багыттагы жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу маектештик. Анда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү, жайыттарды туура пайдалануу жана Суусамырдагы алтыкана маселеси тууралуу кеңири сөз болду.
— Искендербек Рысбекович, Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү багытында бүгүнкү күнгө чейин кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?
— Биз бул ишти баштаган кезде органикалык айыл чарбасы тууралуу дээрлик эч ким билчү эмес. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, семинарларды өткөргөнүбүздө көпчүлүк “Жомок айтып жатасыңар” деп ишенбегендей кабыл алышчу. Бирок, бүгүнкү күндө абал түп-тамырынан өзгөрдү деп ишенимдүү айта алам. Азыр органикалык айыл чарбасы мамлекеттик деңгээлде талкууланып, Президент дагы, Өкмөт дагы бул багытка өзгөчө көңүл бура баштады. Президенттин демилгеси менен Ысык-Көл жана Нарын облустарын органикалык аймак катары өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштелип чыкты. Бул абдан маанилүү кадам.
Мындан тышкары, органикалык айыл чарбасы жөнүндө мыйзамдар кабыл алынып, Айыл чарба министрлигинин алдында ушул багыттагы атайын департамент түзүлдү. Мунун баары биздин дагы көп жылдык эмгегибиздин үзүрү деп ойлойм. Биздин негизги максатыбыз — Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү болчу. Анткени, өлкөбүздүн табигый потенциалы өтө чоң. Кыргызстан экологиялык жактан таза, органикалык продукция өндүрүү аркылуу гана дүйнөлүк рынокто өзүнүн өзгөчө ордун таба алат. Ошондой эле органикалык маданиятты жөн гана айыл чарбасы менен чектебестен, аны улуттук баалуулуктар, ден соолук, каада-салт жана билим берүү менен байланыштырууну сунуштап келебиз. Биз “Органикалык аймак” концепциясын мектептердин жана бала бакчалардын программасына киргизип, окуучуларга ушул багытта кошумча билим берүү керек деген сунуштарды дагы көтөргөнбүз.
— Бул сунуштар канчалык деңгээлде ишке ашты? Билим берүү министрлиги менен кызматташуу болду беле?
— Биз сунуштарыбызды тиешелүү мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз берип келебиз. Тилекке каршы, бул маселеге азырынча жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан он жыл мурда жети облустагы кесиптик лицейлерди тандап алып, ошол окуу жайларда органикалык фермерлерди даярдоо боюнча сунуш киргизгенбиз. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин тиешелүү чечимдери дагы кабыл алынган.
Максатыбыз — ар бир облуста бирден кесиптик окуу жайдын базасында органикалык айыл чарбасы боюнча адистерди даярдоо эле. Бирок, министрлердин улам-улам алмашуусу бул демилгенин ишке ашуусун кечеңдетип койду. Азыр дагы Айыл чарба министрлигине ошол комитеттин чечимдерин эске алып, бул ишти кайрадан жандандыруу зарылдыгын айтып келебиз.
2027-жылы Кыргызстанда “Тоо саммити” өтөт. Бул дагы органикалык айыл чарбасын эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ошол себептен, Президенттин өкүлчүлүгүнө дагы кесиптик окуу жайлардын базасында органикалык билим берүүнү өнүктүрүү маселесин көтөрүп жатабыз.“Жашыл экономиканын негизи – органикалык айыл чарбасы”
— Дүйнөдө бүгүн экология жана климаттын өзгөрүшү эң чоң көйгөйгө айланып жатканын көрүп жатабыз. Сиздин оюңузча, бул маселеде органикалык айыл чарбасынын орду кандай?
— Албетте, бүгүн дүйнө жүзүн тынчсыздандырган эң башкы көйгөйлөрдүн бири – климаттын өзгөрүшү. Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жатат. Анын кесепеттерин биз өзүбүздүн өлкөдө деле сезип жатабыз. Бишкектеги абанын булганышы, кыш мезгилиндеги ыш, акыркы жылдары тез-тез катталган сел, суу ташкындары, күтүүсүз ысык аба ырайы, мунун баары климаттагы өзгөрүүлөрдүн белгиси.
Окумуштуулар дагы алдыдагы жылдары абанын температурасы дагы жогорулай турганын айтып келишет. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, тоолордогу мөңгүлөрдүн тездик менен эриши суу ресурстарынын азайышына алып келет. Акырында кургакчылык күчөп, айыл чарбасына чоң зыян келтириши мүмкүн. Бул адамзат үчүн эң олуттуу коркунучтардын бири. Көпчүлүк учурда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү электр унааларына өтүү, көмүрдүн ордуна газ колдонуу же кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү менен гана байланыштырып келишет. Албетте, бул дагы туура багыт. Бирок, биз дагы бир өтө маанилүү факторду эске албай жатабыз. Ал — айыл чарбасында ашыкча колдонулган химиялык жер семирткичтер менен уулуу заттар.
Адистердин маалыматына ылайык, жерге себилген химиялык каражаттардын бир бөлүгү гана топуракта калат. Калганы абага, сууга жана экосистемага тарап кетет. Бул адамдын ден соолугуна эле эмес, жалпы экологияга дагы олуттуу зыян алып келет. Ошондуктан, органикалык айыл чарбасы бир эле азык-түлүк өндүрүүнүн жолу эмес, ал деген адамдын ден соолугун сактоо, топуракты коргоо, суунун тазалыгын камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүшүн азайтууга салым кошо турган маанилүү тармак.
Бүгүнкү күндө “жашыл экономика” дегенде көпчүлүк күн энергиясын пайдалануу, үйлөрдү жылуулоо же энергияны үнөмдөө жөнүндө гана ойлошот. Чынында жашыл экономика мындан алда канча кеңири түшүнүк. Менин оюмча, жашыл экономиканын өзөгү айыл чарбасында жатат. Топуракты туура иштетүү, химиялык каражаттарды мүмкүн болушунча аз колдонуу, таза жана коопсуз азык-түлүк өндүрүү дал ушул жашыл экономиканын негизги принциптери. Тилекке каршы, бүгүн “жашыл экономика” деген түшүнүктүн артында көп учурда бизнес кызыкчылыгы гана калып жатат. Экологияны сактоо эмес, көбүрөөк киреше табуу биринчи орунга чыгып калган учурлар арбын.
— Жайыттарды туура пайдалануу маселеси тууралуу дагы көп айтып келесиз. Бул жаатта эмнелер өзгөрдү?
— Жайыт деген кыргыз элинин эң чоң байлыгы. Ата-бабаларыбыз жайытты пайдалануунун эң мыкты маданиятын түзүп кеткен. Алар малдарды жылдын мезгилине жараша жакынкы, ортоңку жана алыскы жайыттарга көчүрүп турган. Жайлоодон жайлоого көчүп-конуп жүрүү жөн эле салт эмес, экологиялык жактан абдан туура система болгон. Ошонун аркасында жер да эс алган, чөп да калыбына келип турган. Малды ак карлуу тоолордун этегине чейин чыгарып, эң аш болумдуу тоо чөптөрүнө жайышкан. Ата-бабаларыбыз адамдын ден соолугу анын жеген азыгына түздөн-түз байланыштуу экенин жакшы түшүнүшкөн. Табигый, таза азык менен азыктанган адамдын организми бекем болуп, өмүрү узун болорун турмуштук тажрыйбасы аркылуу билишкен.
Бүгүн болсо абал өзгөрдү. Көпчүлүк биринчи кезекте киреше табууну ойлойт. Жайлоого көчүүнү дагы табиятты сактоо эмес, туристтерден акча табуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алгандар көбөйдү. Албетте, туризмдин өнүккөнү жакшы. Бирок, ошол эле учурда жайыттарды сактоо, жердин асылдуулугун жоготпоо дагы биринчи орунда турушу керек. Анткени, жаратылыш өз ара тыгыз байланышкан бүтүндөй система. Тоолор, мөңгүлөр, суулар, токойлор, жайыттар, өсүмдүктөр, жаныбарлар баары бири-бирине көз каранды. Эгер табиятка аяр мамиле кылсак, ал дагы бизге өзүнүн берекесин берет. Ал эми ага кайдыгер мамиле кылсак, анын кесепетин сөзсүз өзүбүз тартабыз.
“Алтыкана менен күрөшүүдө илимий негиздеги чечим керек”
— Сөзүңүзгө аралжы, жайыт демекчи, Суусамыр жайлоосундагы жайыттардын дээрлик 70 пайызын алтыкана басып кеткени көптөн бери айтылып келет. Сиздин оюңузча аны экологияга зыян келтирбестен жок кылуунун же жок дегенде азайтуунун кандай жолу бар?
— Алтыкана маселеси бүгүн эле пайда болгон көйгөй эмес. Аны жок кылуу боюнча ар кандай сунуштар айтылып, түрдүү ыкмалар колдонулуп келди. Айрымдар тамырынан жулууну сунуштаса, башкалары химиялык препараттарды колдонуу керек дешти. Бирок, ушул күнгө чейин алтыкана менен күрөшүүнүн илимий жактан далилденген натыйжалуу жолу табыла элек.
Мен уккан маалыматтар боюнча, төө алтыкананы жакшы жейт экен. Ошондуктан, кээде мамлекеттик деңгээлде төө чарбасын өнүктүрүп көрсөк кандай болот деп ойлоп калам. Бул бир эле алтыкана маселесин чечүүгө эмес, кошумча экономикалык пайда алып келүүгө да шарт түзмөк. Бүгүнкү күндө Суусамырда бээ сүтү менен дарыланган эс алуу жайлары көбөйдү. Ушундай эле шартта төө сүтүн өндүрүп, аны ден соолукка пайдалуу азык катары сунуштоого мүмкүнчүлүк бар. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө төө сүтү дарылык касиети жогору азык катары бааланат. Айрым боор ооруларына пайдалуу экени боюнча дагы изилдөөлөр бар. Ошондуктан, бул багытты мамлекеттик деңгээлде изилдеп, колдоо көрсөтүүгө болот. Мындан сырткары алтыкананы пайдаланып, шыпыргы сыяктуу турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды өндүргөн чакан ишканаларды уюштурууну да ойлонсо болот. Ошондо бир жагынан өсүмдүктүн жайылышын көзөмөлдөсөк, экинчи жагынан кошумча киреше булагы түзүлмөк. Бирок эң негизгиси, алтыканага каршы күрөшүүдө шашылыш чечим кабыл албаш керек. Ар бир өсүмдүктүн экосистемада өзүнүн орду бар. Алтыкананын да пайдалуу жана зыяндуу жактары болушу мүмкүн. Эгер аны толугу менен жок кылууга аракет кылып, экологиялык тең салмактуулукту бузуп алсак, кесепети андан да оор болушу ыктымал. Ошондуктан, бул маселеге сөзсүз түрдө Экология министрлиги, илимпоздор жана тиешелүү адистер комплекстүү баа бериши керек. Өсүмдүктүн топуракка, суунун режими менен биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген таасирин толук изилдеп чыккандан кийин гана кандай чара көрүү керектиги аныкталышы зарыл.
— Бир нече жыл мурун алтыканага каршы дрондор аркылуу химиялык препараттарды чачуу аракеттери да болгон. Бул тууралуу кандай пикирдесиз?
— Мен мындай ыкманы туура деп эсептебейм. Ар кандай күрөш чарасы сөзсүз илимий негизге таянышы керек. Алтыкана өтө күчтүү, тамыры терең кеткен өсүмдүк. Аны химиялык заттар менен жок кылабыз деп, анын жанында өсүп жаткан дары чөптөрдү, пайдалуу өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды, а түгүл жер астындагы жана жер үстүндөгү суу булактарын булгап алышыбыз мүмкүн.
Азыр айрым учурда “натыйжа болсо болду” деген түшүнүк менен иш алып баргандар кездешет. Бирок, мындай мамиле жаратылыш үчүн өтө кооптуу. Экологияда “кандай болсо да жок кылалы” деген принцип болбошу керек. Ар бир кадамдын кесепети алдын ала илимий жактан эсептелиши зарыл. Кыргызстанда Дыйканчылык боюнча илим-изилдөө институту, Мал чарба жана жайыт боюнча илим-изилдөө институту, Ветеринария боюнча илим-изилдөө институту сыяктуу адистешкен мекемелер бар. Мамлекет ошол институттарга конкреттүү тапшырма берип, жетиштүү каржылоо менен комплекстүү изилдөө жүргүзүүнү талап кылышы керек. Анан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, Улуттук илимдер академиясы илимий корутунду чыгарып, андан кийин гана Айыл чарба министрлиги тиешелүү чечим кабыл алганы туура болот. Болбосо ар ким өз билгенин жасап, жер кыртышын казып, химиялык препараттарды каалагандай колдонуп баштаса, эртең жайыттарыбызды өзүбүз бузуп алышыбыз мүмкүн.
Жаратылыш миңдеген жылдар бою калыптанган татаал система. Ага кийлигишүүдө ар бир кадам өтө кылдат жана жоопкерчилик менен жасалышы керек. Ошондо гана биз жайыттарыбызды сактап, кийинки муунга таза жаратылышты мурас катары калтыра алабыз.
МаектешкенКүнболот Момоконов