Искусство университетине кошумча жаңы окуу корпусу курулууда
Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине кошумча 5 кабаттуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат.
Маалыматка ылайык, имарат Жантөшев көчөсү 113 дарегинде, негизги корпусуна чектеш аймакта салынып жатат. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жетип, курулуш белгиленген график боюнча жүрүүдө. Жертөлө кабатындагы кыш коюу иштери толугу менен бүткөрүлүп, биринчи кабаттын дубалдарынын 40 пайызы аткарылды.
Долбоорго ылайык, окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон турат.