"Эркин-Тоо"

Исландиянын түштүгүндө жанар тоо атылып, чукул кырдаал жарыяланды

Рейканьяс жарым аралындагы жанар тоонун атылышына байланыштуу Исландиянын түштүгүндө чукул кырдаал жарыяланды. Былтыркы жылдын декабрынан бери бул – төртүнчү атылуу.

Эксперттердин баамында, азыркысы эң күчтүү. Жергиликтүү маалымат каражаттары лава Гриндавик шаарынын жака белине чейин жетип, тургундар эвакуацияланганын жазышты. Исландиянын популярдуу туристтик жайы болгон геотермалдык курорттон дагы эл коопсуз жерлерге көчүрүлдү.

Би-Би-Си аба мейкиндиги жабылбаганын жазды.

Исландиянын жарандык коргонуу башкармалыгы маалымдагандай, вулкандын жарылышына алдын ала даярдык көрүлгөн.

Ошол эле маалда ысык лава инфраструктурага зыян алып келет деген коркунуч бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!