Иттер тиштеген 6 жаштагы баланын абалы жакшырууда

7-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Бишкекте иттердин тиш салуусунан жабыркаган баланын абалы туруктуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы билдирди. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтаптын абалында жакшыруу байкалууда. Учурда бала өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезип жатканы айтылды.

Маалыматка караганда, дарылоо улантылып, бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болууда. Алдыда балага бир нече этаптан турган реабилитация жүргүзүлөт. Учурда тиешелүү адистердин катышуусунда консилиум өтүп, кийинки керектүү операциялар такталууда.

Эске салсак, 1-апрелде Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда 6 жаштагы бала кошунасынын короосуна кулап кеткен учурда ага үч ит тиш салган. Бала ооруканага баш мээсинин чайкалганы, баш терисинин тытмаланган жаракаттары, денесинин ар кайсы бөлүктөрүндөгү көптөгөн тиштелген жарааттар жана травмалык шок диагнозу менен түшкөн.

7-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X