IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү
7-июнда Бишкек шаарында IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, фестивалдын конокторун жана катышуучуларын куттукташты.
Расмий өкүлдөр өз сөздөрүндө кино өнөрүнүн маданий байланыштарды чыңдоодогу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ордун белгилешти.
Фестивалдын алкагында салтка айланган «Асман килем» көк килеминен ардактуу коноктор, белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлер жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү өтүштү. Бул жылы иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген кино ишмерлери катышып, Бишкек шаарын эл аралык кино аянтчасына айлантты.
Фестивалдын ардактуу конокторунун катарында дүйнөгө таанымал француз актрисасы Одри Тоту жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиев болду.
Кинофестивалдын программасына Эл аралык сынак, Борбор Азия сынагы жана Kyrgyz Box улуттук программасы киргизилген. Мындан тышкары дүйнөлүк жана улуттук премьералар, чыгармачыл жолугушуулар, мастер-класстар жана кино индустриясына арналган иш-чаралар уюштурулат.
IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 12-июнга чейин уланат.