IV чейректен баштап бардык мектептер ачылат

24-март, 2021-ж. / Редакция / Билим 22

IV чейректен баштап бардык мектептер реалдуу форматта окуп башташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Учурда ЖОЖдорду да офлайн форматка өткөрүүнүн алгоритми иштелип жатат.

«Эгерде оору күчөй турган болсо же мектептен илдет аныкталса, ал мекеме токтоосуз жабылат. Вирус дагы жайыла турган болсо, район жабылат. Бир мектептин айынан республикадагы бардык мектептерди жаба турган болсок, анда бул кырдаалдан 2-3 жылдап чыкпай калышыбыз мүмкүн», — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

24-март, 2021-ж. / Редакция / Билим 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X