«Иван Ярыгин кубогуна» Кыргызстандан 10 спортчу катышат
Бүгүн, 29-январда Россиянын Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча салттуу «Иван Ярыгин кубогу» башталат. Бул күнү Кыргызстандан Гүлнура Таштанбекова менен Асел Жапарова килемге чыгат. Алар 65 кг салмак категориясында күрөшөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.
Жалпысынан Кыргызстандын курама командасындагы 10 спортчу аталган мелдешке башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында катышууда.