Израилде Лаг ба Омер майрамын майрамдоо учурунда 38 адам мерт болду
Израилдин түндүгүндөгү Мерон тоосунун аймагында Лаг ба Омер майрамын майрамдоо учурунда трибуна кыйрап, натыйжада 38 адам мерт болду, 60тан ашык киши жаракат алды деп билдирди экстрендик кызматтарга шилтеме жасаган The Times ofIsrael басылмасы.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул кырсыкты”үрөй учурган катастрофа” деп атады. Майрамга 100 миңге жакын адам чогулган.
Кырсык болгон жерге алты вертолёт, ондогон тез жардам машиналары жиберилген.
Лаг ба-Омер диний майрамы 29-апрелде күн баткандан 30-апрелдин түн жарымына чейин майрамдалат.