JICA Кыргызстандагы чакан бизнеске колдоону күчөтөт
Токиодо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова менен JICAнын Экономикалык өнүгүү департаментинин жетекчилиги жолугушту.
Тараптар Кыргызстандагы чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү, ишкерлерди каржылык жана билим берүү инструменттери аркылуу колдоо багыттарын талкуулашты.
Жолугушууда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун тажрыйбасын кеңейтүү, кредиттик-кепилдик системасын өнүктүрүү жана «ЧОИ-Хаб» бирдиктүү колдоо экосистемасын түзүү маселелери каралды.
JICA кыргыз ишкерлерин колдоого багытталган биргелешкен программаларды ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар ЧОИну өнүктүрүү боюнча жаңы техникалык кызматташтык долбоорлорун даярдоого макулдашышты.