Күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлбөйт

11-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Бул тууралуу бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди. «Өткөн айга салыштырганда, АИ-92, дизелдик отун, билесиздер, социалдык жактан маанилүү товарлар тизмесине кирет, баалар туруктуу, кескин көтөрүлгөн жок. Бул рынокто да запастар бар, жетиштүү. 1-1,5 айга чейин запастарды кармашат. Биз ар бир райондо канча запас бар экенин тактап алдык. Ноябрь айынын аягына чейин иш-чаралар камтылган. Акыркы мезгилде Орусияда да баалар көтөрүлгөн. Ал боюнча да булар менен такташып алдык. Баа кескин көтөрүлбөйт. Ага жол бербейбиз. Көтөрүлсө да 8-10 сомго эмес»,- деди Тайлаков.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X