"Эркин-Тоо"

Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткандар аныкталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

16-апрелде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен кыргызстандык У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды.

Салык кызматынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!