Күрөш: Мария Стадниктен сегизинчи секирик
Украинанын Львов шаарында туулган Мария Стадник 2007-жылга чейин спорттук эркин күрөштөн Украинанын намысын коргоп келген. 2006-жылы Москвада Европа чемпиону болууга жетишкен. Бирок, допинг чырына шектелип мелдештен четтетилген. 2007-жылы акталып, мелдештерге катышууга уруксат берилгени менен Украина курамасы командага кошпой койгон. Ошол учурда Азербайжандан чакырык алып жарандыгын алат. 2008-жылы Пекин олимпиадасында Азербайжан үчүн коло медаль жеңип берет. 2012-жылы Лондондо, 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадаларында катары менен 2-орунду ээлейт. 2009 жана 2019-жылы дүйнө чемпиону болууга жетишет. Кечээ эле Польшада аяктаган Европа биринчилигинде Мария Стадник 8-жолу Европа чемпиондугун жеңип алды. Учурда 4-ирет олимпиадага катышууга даярдык көрүүдө.