VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчыларды тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, учурда волонтёрдук программага катышууну каалаган чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстан жарандарынын 80ге жакын билдирмеси келип түшкөн жана бардык арыздар каралып жатат.