Көк-Жар: Коопсуздук эрежесин бузган компанияга айып пул салынды

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталып, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, департаменттин Бишкек шаардык башкармалыгы Мадиев көчөсү, 9-даректе жайгашкан 9 кабаттуу үйдүн курулушун текшерген. Текшерүү учурунда кошумча курулуп жаткан объектте жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайда техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптары бузулганы белгилүү болгон.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Аурум Билдинг ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X