Быйыл Кыргызстанда кыш мезгилинде үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салына тургандыгын энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирген. Анын айтымында, электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бирок ар бир үйгө өзүнө тиешелүү көлөмдөгү энергияны колдонуу бекитилет. Бул болжол менен 5 киловатты түзөт. Андыктан карапайым калк азыр көмүр маселеси кандай болоор экен деп кызыгып турган чагы. Ал ортодо Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга да чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы билдирди. Мындай чечим ыш менен күрөшүү үчүн кабыл алынганы да түшүндүрүлдү. Анткени, Кара-Кечедеги көмүрдүн зыяндуулугу жогору. Экологдор Кара-Кече көмүрү B3 категориясындагы күрөң көмүрлөрдүн катарына кирери жана калориясы, табы аз экенин аныктаган. Изилдөөчүлөр Кара-Кече көмүрү 100 жылда бышарын да эскертишкен. Ошондой эле нымдуулугу жогору болуп, абанын ышталышына таасир этери аныкталган. Андыктан учурда шаардык базаларда негизинен Казакстандын көмүрү сатылууда. Ал эми аймактарда көмүр маселеси кандай? Бул суроолорго «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев жооп берди.
— Канатбек мырза, кыш айлары жакындап, жылытуу мезгилине байланыштуу маселелер кайрадан көтөрүлө баштады. Алардын негизгилери көмүргө байланыштуу болууда. “Учурда көмүр казылып жатабы? Баасы канча болот?”- деген суроо көпчүлүктү кызыктырып турат.
— Ооба, кыш айлары жакындап, биз да иш ыргагын ылдамдатып, айрым маселелерди чечүү үстүндөбүз. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу иштерин кызуу жүргүзүп жатат. Биз айрыкча аймактарга көңүл буруудабыз. Анткени, кыш алгач аймактарга келет. Жалпысынан 120дай техника иштөөдө. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин ишкана жалпы түндүк регионун көмүр менен камсыздайт. Андыктан, былтыр 50 машина алганбыз. Быйыл ошол машиналардын 34 даанасын Нарын облусун көмүр менен камсыз кылуу үчүн бөлдүк. Ысык-Көл багытында 20 машина иштей турган болду. Мисалы, ушул күндө Балыкчыдагы базабызга көмүр жеткирилген. Кесек көмүрдүн бир тоннасы базада 3600 сомдон сатылып жатат. Эгер анын баасы кескин түрдө көтөрүлүп кете турган болсо, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылыңыздар. Көмүрдүн бир тоннасы кендин өзүндө 1740 сом деп бекитилген.
— Түштүк аймактарда абал кандай?
— Кыргызстанда жалпы көмүр тармагы эки блокко бөлүп каралат. Түштүк аймакта көмүр кендери көп. Ал кендердин ички рынокту, экспортту да жабууга мүмкүнчүлүгү бар. Түндүк регионубуз болсо импортко багытталган. Андыктан түштүк региондорубузда көмүр экспортко чыгып кетип, элге оорчулук түшүп, көмүрдүн баасы кымбаттап кетип жатканын да билебиз. Министрлер Кабинети ошол себептен учурда түштүк региондо казылып алынган көмүрдү экспортко чыгарууга тыюу салуу маселесин карап жатат. Жакында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте жыйын өтүп, баалардын өсүүсүн алдын алуу чаралары боюнча сүйлөштүк.
— Жыргалаң кени да ишке кирди. Калкты көмүр менен камсыздап жатабы?
— Жыргалаң кени ЫсыкКөл облусун көмүр менен камсыздоого жардам берет. Бул кен облустун жалпы муктаждыгынын 30 пайызын жаап берет деп турабыз.
— Азыр Бишкек шаарын ыш каптабашы үчүн Казакстандын көмүрүн жагуу сунушталып жатат. Казакстандан келген көмүр Кара-Кече кениндеги көмүргө караганда жакшыбы?
— Казакстандын көмүрүнүн табы күчтүү болот. Бирок, андан такыр ыш чыкпайт деп айтууга болбойт.