К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев: “Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалайбыз”

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маек 768

Мирлан Муктарович өлкөбүздөгү эң абройлуу университеттердин бирин жаңы сапаттарга көтөрүп, атагы арткан окуу жайды жогорку билим жана илим жаатында таанылган лидерлик сапка чыгара алды. Биз бул сапар улуттук интеллектуалдык мейкиндикте гана эмес, эл аралык чөйрөдө да өзүнүн бекем орду бар окуу жайдын башчысына бир нече соболдорубуз менен кайрылдык. Билими менен иши айкалышкан таланттуу илимпоз, география илимдеринин доктору бизге ынанымдуу жоопторун узатты.

— Мирлан Муктарович, Президент Садыр Нургожоевичтин илим жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу боюнча жарлыгын сиздердин жамаат деле жылуу кабыл алса керек…

— Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Университетте гуманитардык, табигый илимдер, педагогика, экономика, эл аралык мамилелер, маалыматтык технологиялар жана башка багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистер даярдалат. Учурда университет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Жакында Урматтуу Президентибиздин билим берүү жана илим тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлыгы биздин университеттин жамааты тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Бул жагымдуу чечим окутуучулардын, илимий кызматкерлердин жана жалпы эле билим берүү тармагындагы адистердин эмгегине берилген жогорку баа катары бааланууда. Эмгек акынын жогорулашы кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртып эле тим болбостон, алардын кесипке кызыгуусун күчөтүүгө, билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт деп эсептейбиз. Университеттин жамааты мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай колдоону жогору баалайт жана өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө мындан ары да өз салымын кошууга даяр.

— Билим берүү, илим тармагы улуттук идеологияларды элге сиңирүүдө чоң күч болуп берери белгилүү. Өлкөдөгү ири окуу жайдын жетекчиси катары бул багытта кандайдыр бир иштерди аркалап жатасыздарбы?

— Билим берүү жана илим тармагы улуттук идеологияны коомго сиңирүүдө чоң күчкө ээ экени талашсыз. Бул багытта биздин университетте бир катар маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Биринчиден, университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 2025-жылы “Уңгужол – заман талабы” аттуу китеп даярдалып, жарык көрдү. Китепте кыргыз тили, философиясы, тарыхы жана экология маселелери кеңири камтылган. Аталган эмгек Урматтуу Президентибиздин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу тууралуу Жарлыгын жайылтуу жана улуттук идеологиянын негизги баалуулуктарын студенттерге жеткирүү максатында жазылган. Мындан тышкары, ушул жылы Урал федералдык университетинде Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Кыргыз таануу борбору” ачылды. Бул демилге Бишкек мамлекеттик университети менен Урал федералдык университетинин ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылды. Аталган борбор кыргыз тилин, маданиятын жана тарыхын чет өлкөдө жайылтууга өбөлгө түзүп, жергиликтүү кыргыз диаспорасы үчүн жолугушууларды, конференцияларды жана ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган борбор Кыргызстандан келген илимпоздорго, окутуучуларга, студенттерге, чыгармачыл инсандарга жана башка кызыкдар тараптарга ачык болуп, илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызмат кылат. Ошондой эле университетте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу тууралуу байма-бай конок лекциялар, илимий жолугушуулар жана тарбиялык иш-чаралар уюштурулуп, жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

— Бүгүн дүйнө бир орунда турбай, билим берүү күн сайын, саат сайын өзгөрүп, өнүгүүдө. ЖОЖдор арасында атаандаштык болуп көрбөгөндөй күч алды. Өлкөдөгү абитуриенттердин көпчүлүгү өзүбүздүн окуу жайларды эмес, чет өлкөлүк ЖОЖдорго агылышууда. Мындай шартта ири окуу жайдын жетекчиси катары студенттерди кандай өзгөчөлүктөрүңүздөр менен катарыңарга тартуудасыздар? Атаандаштыктан аксап калган жоксуздарбы?

— Бишкек мамлекеттик университети билим берүү рыногунда өзүнүн туруктуу ордуна жана калыптанган аудиториясына ээ. Университетибиз өзгөчө гуманитардык илимдер, филология жана чыгыш таануу багыттары боюнча күчтүү тажрыйбага бай десем болот. Айрыкча, чыгыш тилдерин, чет тилдерин тереңдетип окутуу менен катар экономика, эл аралык мамилелер жана IT тармактарын айкалыштырып даярдоого басым жасалып келет. Бул бүгүнкү эмгек рыногунун талабына жооп берген көп багыттуу адистерди даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле университетте эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөш жогорку окуу жайлар менен биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багыттагы иштердин натыйжасында студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Атап айтканда, Россиянын, Казакстандын, Түштүк Кореянын (Ханбат, Канвон университеттери), Кытай Эл Республикасынын (онго жакын алдыңкы университеттери), Япониянын (төрт университети), ошондой эле Түркия жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тажрыйба алмашуу программалары, академиялык мобилдүүлүк долбоорлору жана кош дипломдуу билим берүү программалары ийгиликтүү ишке ашырылууда. Ал эми атаандаштыктын күндөн күнгө күч алуусу бизди жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө, билим берүүнүн сапатын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырууга жана студенттерге сапаттуу, практикага багытталган билим берүүгө шарт түзүү менен биргеликте жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

— Алдыда быйылкы абитуриенттерди кабыл алууну кандай өзгөчөлүктөр менен өткөрүүнү пландап жатасыздар?

— Быйылкы кабыл алууда бир катар маанилүү өзгөрүүлөр бар. Биринчиден, 11-класстын базасында колледждерге кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы талап кылына баштады. Буга чейин ЖРТ негизинен бакалавриатка (4 жылдык билим берүү) жана специалитет (5 жылдык билим берүү) тапшырууда гана милдеттүү болсо, эми орто кесиптик билим берүү багыттарына да киргизилип жатат. Мындан тышкары, 2025-жылдан тарта педагогикалык багыттар үчүн ваучердик (гранттык) негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул келечекте мугалимдик кесипке кызыккан жаштарды колдоого жана билим берүү тармагына сапаттуу кадрларды тартууга өбөлгө болот деп ишенебиз. Ал эми чет элдик студенттерди кабыл алуу процесси өлкөбүздүн илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик мекемеси аркылуу жүргүзүлөт. Бул борборлоштурулган система жогорку окуу жайларга чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу процессин жеңилдетүүгө, анын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кабыл алуу иштерин бирдиктүү тартипке келтирип, системалаштырууга өбөлгө түзөт. Жалпысынан быйылкы кабыл алуу мурдагыдай эле ачык-айкын жана онлайн форматта өткөрүлөт. Абитуриенттер документтерин жана тандоолорун министрликтин расмий
https://2020.edu.gov.kg/ веб-сайты аркылуу тапшыра алышат.

— Статистика боюнча аспирантурага тапшыргандардын 10%га жетпегени коргоого чыгып, калганы дайынсыз. Илимдин кандидаттары менен докторлорунун саны жыл сайын азаюуда. Алдыңкы 10 жылдыкта ЖОЖдордо кадрдык таңкыстык жаралбайбы? БМУда бул көрүнүш кандай?

— Ооба, бул бүгүнкү күндөгү эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Статистика көрсөткөндөй, аспирантурага тапшыргандардын аз гана бөлүгү илимий ишин ийгиликтүү коргоп чыгууда. Бирок, акыркы жылдары мамлекет тарабынан илим тармагына көңүл бурулуп, Улуттук илимдер академиясын жана жаш илимпоздорду колдоо боюнча бир катар аракеттер көрүлүүдө. Азыркы учурда салттуу аспирантура менен биргеликте PhD программалары да жигердүү өнүгүүдө. Заман талабына ылайык жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар (IT) жана башка жаңы багыттар боюнча билим берүү программалары ачылууда. Бул тармактар жаштардын кызыгуусун арттырып, аларды илимий изилдөө иштерине көбүрөөк тартууда. Аталган программалардын сапаты жана натыйжалуулугу жакынкы келечекте өз баасын алат деп ишенебиз. Аныгында БМУда да бул маселе өзгөчө көңүл борборунда турат. Университет жаш илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүүгө ырааттуу аракет кылууда. Мындан тышкары, ички гранттык каржылоонун алкагында илимий долбоорлорду колдоо үчүн атайын каражаттар бөлүнүп келет. Биз келечекте илим менен билим берүүнүн өз ара байланышын дагы да бекемдеп, атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистердин жаңы муунун калыптандырууга өзгөчө маани беребиз.

Калыгул Бейшекеев

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маек 768
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X