К.Ташиев жер алмашууга каршы чыккан Савай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кара-Суунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушуга барды. Жолугушууда ал чогулган элге Өзбекстан менен жер алмашуу маселеси боюнча маалымат берди.
Эске салсак, Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн тургундары, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстан менен алмашууга макул болбой, бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп жатышкан.
Жер алмашуу 2020-жылдын 24-25-мартында Ташкентте өткөн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жолугушуусунда макулдашылган.