К.Ташиевдин Гимнге болгон реакциясы боюнча УКМК билдирүү таратты

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Кечээ, 31-август күнү борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө учурундагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу социалдык тармактардагы тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу УКМК билдирүү жасады:

«Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга ылайык, Мамлекеттик Гимн расмий түрдө аткарылган учурда, катышуучулардын баардыгы оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат, муну КР УКМКнын башчысы К.Ташиев да аткарган.

Белгилей кетсек, генерал-лейтенант К.К.Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин арасында болгонун, жана чакырылган ардактуу коноктор, өлкөнүн гимни ойногондо шарттуу түзүлүшүндө болгон.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык, Мамлекеттик гимнди ырдап жатканда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат, К.Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн ойнолгон учурда оң колун сол жагына койгон.

Бирок, салтанаттуу экипаждар командирге ылайыктуу түрдө салтанаттуу марштын астына киргенде, генерал-лейтенант Ташиев К.К. ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимге колу менен өткөн салтанаттуу эсептөөлөрдү тосуп алды. Ошондуктан, ошол кырдаалга таянып, К.Ташиев бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган.

КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин негизсиз сынына кызыкдар адамдар, бул жагдайды түшүнүүгө жана тереңирээк изилдөөгө татыктуу, жана акылга сыйбаган сынга жол бербөөгө чакырат»,- деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X