Кабмин тамак-аш өнөр жайына 5 млрд сом насыя бөлөт

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Министрлер кабинети тамак-аш азыктарын кайра иштетүү тармагын каржылоону көбөйтөт. Бул үчүн мамлекеттик коммерциялык банктарды капиталдаштырууга 5 млрд сом бөлүү пландалууда.

Каражат республикалык бюджеттен берилет. Мындай чара 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу планына киргизилген.

Мындан тышкары, 2026-жылдын аягына чейин айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарын субсидиялоо режиминен этап-этабы менен чыгаруу механизмин иштеп чыгуу каралган.

Ал эми «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоорунун алкагында «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу буга чейин 8 миң 256 жеңилдетилген насыя берилип, анын жалпы көлөмү 5 млрд 448 млн сомду түздү.

Насыялар жылдык 6% менен 36 айга чейин берилүүдө. Анын негизги бөлүгү — 4 млрд 939 млн сом — мал чарбасына багытталган. Өсүмдүк өстүрүүгө 445,2 млн сом, суу үнөмдөөчү технологияларга 63,3 млн сом бөлүнгөн.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X