Качкындар жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.С. Досматов БУУ КЖКБга качкындардын укуктарын коргоо жаатында үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы 1996-жылдан тартып БУУнун 1951-жылдагы Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясынын катышуучусу экенин белгилеп, өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде качкындарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатканын айтты.

Тараптар жолугушууда Кыргыз Республикасынын Качкындар боюнча глобалдык келишимдин алкагында алган милдеттенмелерин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Биринчи орун басар министрлик тарабынан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык качкындар үчүн жол жүрүү документин киргизүүгө багытталган практикалык иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы №49 токтому менен качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Аталган токтом 2026-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары, качкындардын жол жүрүү документтерин тариздөө жана жекелештирүү процесстерин өркүндөтүү максатында жакынкы мезгилде качкындарды эсепке алуу боюнча адистештирилген маалымат базасын түзүү жана тиешелүү маалыматтык системаларды интеграциялоо пландалып жатканы белгиленди.

Жолугушууда мандаттык качкындарга байланышкан маселелер, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын эмгек ишмердүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн мыйзамдык жөнгө салуу боюнча демилгелер да каралды.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, ошондой эле качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоонун улуттук системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X