Кадамжай: Ак-Турпак айыл аймагындагы 7 айыл таза суу менен камсыз болот
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилүүдө. Бул демилге III жана IV Элдик Курултайдын делегаттары Бердикул Аширов жана Муса Момуналиев тарабынан көтөрүлүп, жыйынтыгында тиешелүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуунун негизинде, “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору алкагында өлкө боюнча 31 айылга таза суу тартуу пландалган. Анын ичинен Баткен облусундагы 28 айыл камтылып, алардын 7си Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө туура келет.
Айыл өкмөт башчысы Жээнбек Макканбаевдин билдирүүсүнө караганда, учурда долбоордун алкагында эки тике суу кудугу казылып, үч суу кампасын трансформациялоо иштери толук аяктаган. Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте казылган кудуктан алынган суу лабораториялык текшерүүдөн өтүп, ичүүгө жарактуу деп таанылган.
Учурда кийинки этап катары суу түтүктөрүн тартуу иштери башталганы турат. Долбоор 2027-жылга чейин толук аяктап, Ак-Турпак айыл аймагындагы 7 айылдын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалууда.